Өзбекстандын билим берүү министри Шерзод Шерматов президенттик мектептер аймактардагы таланттуу жеткинчектерди аныктоо жана алардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлүп жатканын билдирди.
Өткөн аптада Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев президенттик мектептер тууралуу: -Өлкөнү өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгаруу боюнча приоритеттүү тапшырма койдук, бул үчүн жаңы муундагы кадрлар керек. Мындай кадрларды даярдоо үчүн өлкөнүн ар бир аймагында жаңы типтеги – президенттик мектептерди ачуунун пландап жатабыз, – деп айткан болчу.
Ш.Мирзиёев бул ишти Каракалпакстандан баштоону сунуштаган. Бул жердеги алгачкы мектеп Нукуста орун алат.
Билим берүү министри Ш.Шерматовдун айтымында, президенттик мектептер илим, технология, инженерия, искусство жана математикага басым жасайт. Ал эми бул билим берүү мекемелерин чет өлкөлүк квалификациялуу адисттер жетектейт.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ