Menu

Укук коргоочулар Рамзан Кадыровдун билдирүүсү боюнча Путинге кайрылышты

Бөлүшүү:

Укук коргоочулар Орусиянын президенти Владимир Путинди Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун активисттерге каршы билдирүүсүн айыптоого чакырышты.

“Human Rights Watch”, “Amnesty International” жана “Front Line Defenders” деген уюмдар 28-августта кабыл алган билдирүүдө “Кадыровго укук коргоочуларды, козголоңчу деп шек саналган адамдардын жакындарын коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтууга уруксат берилбеши керек” деп айтылат.

“Орусиянын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келген билдирүүлөр менен аракеттер мыйзам чегинде жазаланышы үчүн чара көрүлөт деп күтөбүз”, деп билдиришти укук коргоочулар.

20-августта чечен жаштарынын тобу жергиликтүү полиция кызматкерлерине кол салышканда бир полиция кызматкери өлүп, үчөө жарадар болгону кабарланган. Кадыров кол салгандардын туугандарын да кошо жазага тартаарын айтып, укук коргоочу активисттерди да опузалаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: