Menu

Тажик мигранты 11 жаштагы кызды кабанак иттен сактап калды

Бөлүшүү:

Орусияда беш жылдан бери курулушта иштеген тажик мигранты Дилшод Тохиров 11 жаштагы кызды өлүмдөн сактап калды

22-август күнү кечинде Истра районундагы котедждердин биринде эки секелек кызга чоң ит кол салган. Коңшу үйдө иштеп жаткан 41 жаштагы мигрант Дилшод жана анын жердештери колдоруна күрөк алып кыздарды куткарууга келишкен. Бул учурда ротвейлер ити 11 жаштагы Настянын моюнуна асылып, коё бербей жаткан.

«Ит кызды жерге жыгып, мойнун тиштеп жатканын көрдүк. 2-3 мүнөт кеч келсек, куткарууга мүмкүн болбой калмак. Күрөк менен чапкылап атып итти кыздан алыстаттык. Ошол эле жерден ага биринчи жардам көрсөтүүгө кириштик», – деди Дилшод.

Мигрант куткаруучулар кызга колунан келген жардамын беришкен: бири кан агууну токтоткон, экинчиси мойнуна бинт орогон, үчүнчүсү тамырын кармаган. Дилшод өзү Настянын чоң апасына кабар берген. Мигранттар “тез жардам” чакырышкан.

«Биз Дилшодго ыраазыбыз. Эгер ал болбосо…Операция үч саатка созулду, анан анестезиолог чыгып, бүгүн Настянын экинчи туулган күнү экенин айтты. Бираз болгондо иттин курч тиштери уйку артериясына жетип, кеч болуп калмак экен. Неберем операциядан кийин эсине келип: “Чоң апа, мени периштелер сактап калдыбы?” деп сурады. Борбор Азия жашоочулары балдарды жана ата-энелерди өтө сыйлашат. Дилшод бир секунд дагы ойлонбой балага жардам берүүгө ашыкты», – деди кыздын чоң апасы Ольга Александровна.

Дилшод Тохиров – алты баланын атасы, үй-бүлөсү Тажикстанда жашайт. Учурда ал бул окуяны иликтөөдө полицияга жардам берүүдө. Кылмыш иши козголду, ротвейлердин кожоюну жоопкерчиликке тартылат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: