Menu

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны: “Зулпукар Сапановдун жазган китеби үчүн соттолуп жатышы биздин эрдигибиз эмес, барып турган караңгылыгыбыз, түркөйлүгүбүз!”

Бөлүшүү:

Токтоткула! 417 жыл мурдагы окуя кайталанууда!

Атактуу Рим шаарындагы көп сандаган эстеликтердин бирин түнкүсүн жарык кылышпайт, айрыкча чет элден келгендерге көргөзгүлөрү келишпейт. Муну менен Рим өзүнүн уятын жашыргысы келет. Анткени дал ушул эстелик турган аянтка чоң от жагылып, Польшанын улуу окумуштуусу Николай Коперниктин Күн Жерди айланбастан Жер Күндү айланып турат деген көз карашын кайталагандыгы үчүн динчилдер Жордано Брунонун жазган китептерин өрттөшкөн. Брунонун айткандарын жактагандарды куугунтукка алып, катуу каршылык кылгандарды өлтүргөнгө чейин барышкан.
Бирок Бруно буга карабастан ишин уланта берген. Адамдарды Жер менен Асмандын сырларын ачууга, илим-билимге чакырган. Аалам чексиз экендигин айткан. Динчилдердин элди караңгы, түркөй, билимсиз кылып кармагысы келгенине ар дайым каршы турган. Көз карашын ырлары, окуган лекциялары, китептери аркылуу үзбөй жайылткан. Анын окуусу ошол кездеги Европанын көптөгөн университеттерине тарап, кызыгуу менен окутула баштаган. Буга каны кайнап, кыжыры келген динчилдер тыңчы жалдап, аны окумуштуу менен дос кылып, акыры чиркөөнүн полициясынын торуна түшүргөн да, сегиз жыл караңгы түрмөгө каматышкан. Түрмөдө кыйнап, коркутуп, Жер Күндү айланат деген көз карашынан кайтууга чакырган. Бруно буга такыр макул болбой койгон. Акыры динчилдер аны “кан төгүлбөгөн” өлүм жазасына буйрук кылышкан да, Жордано Брунону 1600-жылдын февраль айынын суук күндөрүнүн биринде бүгүн анын Римдеги эстелиги турган аянтка апкелишип өрттөп жиберишкен. Динчилдер ошондо тирүүлөй куйкаланып жаткан адамды табасы кануу менен канааттанып карап турушкан.
Урматтуу Президент мырза Алмазбек Атамбаев!
Урматтуу Төрага мырза Чыныбай Турсунбеков!
Урматуу Өкмөт мырза Сапар Исаков!
Акыркы кездери, адамдардын акыл-эсин, көз карашын, ой-пикирин соттоп жок кылуу адатын мыйзамга кийирүүгө жандалбас кылып жаткан өтө коркунучтуу кара күчтөрдүн үстөмдүгү пайда боло баштады. Эгер өзгөчө ой-пикири боюнча соттоо мыйзамы болсо Россия славяндардын ата-жотосу ким экенин жиликтеп, китеп артынан китеп жазып, улуу кыпчак элин мактап, даңктап келаткан Мурат Ажыны орус элин, орус динин, христиан чикөөлөрүн шылдың кылды деп эмгиче бир эмес, миң жолу соттоп жок кылат эле го?!
Тилекке каршы, Зулпукар Сапановдун жазган китеби үчүн соттолуп жатышы Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө саналып келаткан биздин эрдигибиз эмес, барып турган караңгылыгыбыз, түркөйлүгүбүз, башкаларга көз көрүнөө шылдың болгонубуз! Ишенбесеңиздер анын китебинин коомго, адамдарга эч кандай зыяны жок экендигин өзүңүздөр да окуп көрсөңүздөр болот. Байыртан эле исламдын эң мыкты үлгүлөрүн өзүнүн кылымдан бери ыйык тумардай сактап келаткан кымбат каада-салттары менен жууруулуштуруп кармап келаткан кыргыз элин арабдаштырып “жогогуу” мүмкүн эмес. Бул коркунучтуу “илдетти” бүгүн токтотпосок, эртең мунун артынан эчендеген китептер жок кылынып, өрттөлүп, китеп жазгандар соттолуп, соттолуп эле тим болбой, Кудайдын бир аты Теңир деген адамдарды Ала-Тоо аянтына алып барып тирүүлөй өрттөп жок кылмай башталары турган иш!
Урматтуу өлкө башчылары!
Байыркы Римдин Брунону өрттөткөн түркөйлүгүн кайталап калбайлы? Сиздерден Зулпукар Сапановду тезинен бошотууга жардам берүүңүздөрдү суранам?

ШайлообекДүйшеев,
Кыргыз эл акыны
Токтогул атындагы Мамлекеттик жана
Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ маммлекетеринин Парламенттер аралык сыйлыктардын лауреаты
16-сентябрь, 2017-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: