Menu

Текебаев  кийинки жылдын май айында эркиндикке чыгабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Сот Текебаевдин акталууга болгон үмүтүнө биротоло суу сээп, райондук, шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды. Эми жакын арада Текебаев акталып эркиндикке чыгат деген үмүт жанбайт. Текебаев өзү да муну сезип турса керек. Мыйзам бул жакта катуу сакталбаганы менен тигил жактын мыйзамы, тартиби соттордун чыгарган чечиминен да катаал эмеспи. Темир тор артында олтургандар кимдин кайсыл күнү эркиндикке чыгарын, ким кайсыл жакта жүргөнүн убакыт-саатына чейин эсептеп олтурат да. Ал жактагылардын эсептөөсү боюнча Өмүке кийинки жылдын май айларында эркиндикке чыгат экен. Ал жактагы “эс алуусунан” кийин Өмүке саясатты кызытышы турган иш. Өчүн алмайынча жаны тынбайт. Эсептеше турган кишиси да өзүнө окшоп бекерчи болуп калат. Бирок, карт саясатчынын камалышы коомчулукта көп талкууга жем таштап олтуру. Анын да айтчу чындыгы бар эмеспи. Депутат кезинде коомчулукка көрсөткөн документтери колундагы далилдеринин чети гана болсо керек. Аэропорттун жанында кулаган самолёттун ичиндеги жүктүн чыныгы ээси ким экенин далилдеген документтин түп нускасын да ишенимдүү жерге катканын билдирген. Анын да чындыгы кийинки жылы Текебаевдин өз оозунан чыгышы мүмкүн. “Ата-Мекендин” лидери мамлекеттик ишке барбаса да, колундагы документтер менен саясатты түп тамыры менен башка нукка бурганга колунан келген аракетин жасайт. Анын бир орустун пара алган деген доосу менен камалганы бүгүн чечимди чыгаргандарга ок болуп атылышы да мүмкүн. Эртең эле Текебаев чет өлкөнүн жаранын таап, Атамбаевге пара бергем деп айттырбайт деп ким кепилдик бере алат? Эки санаалаштын тиреши бүгүн бүтүп калган жок. Биринчи тайм гана бүтүп, Атамбаевдин жеңиши менен коштолду. Экинчи тайм Текебаев эркиндикке чыкканда улана турган болуп калды. Темир тордун артындагылардын эсептөөсү боюнча Текебаевден мурун Садыр Жапаров бошотулат экен. Садыр жазга жетпей эркиндикке чыгаары айтылып жатат. Тиреш жаз алды күчөгөнү калды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: