Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты, анда 2016-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Өкмөттүн отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжолу маселелери каралды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилери катышты.
КР Жогорку Кеңешинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча парламентарийлер «Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун бекитүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жактырды, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ