Ысык-Көл облусунда автоунааны уурдаган адамдар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Каракол – Пристань жолунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирүү түндө, 03:30да келип түшкөн.
Окуя болгон жерге келген ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу, алгачкы ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну И.Ф. 18 жаштагы Ш.М. аттуу таанышы экөө болжол менен саат 02:30 чамасында Каракол шаарындагы №23 жаза аткаруу мекемесинин алдында токтоп турган “Ауди А6” үлгүсүндөгү автоунааны айдап качышкан.
Унаа айдап качкан 22 жаштагы жигит рулду башкара албай, унаа менен жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ал ошол жерден көз жумган, ал эми 18 даштагы жигит ооруканага жаткырылган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Тиешелүү экспертиза дайындалды.
Уурдалган унаанын ээси аныкталган. Ал Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын 31 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал унаасы уурдалганы тууралуу арыз жазган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ