Menu

Москвада эки кыргыз өлтүрүлүп

Бөлүшүү:

7-январда Москвага жакын Жуковский шаарында эки кишинин сөөгү табылып, алар кыргызстандыктар экени ырасталды. Ички иштер министирлигинин КМШдагы атайын өкүлү Аскат Алиев бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын, кылмыштын бетин ачуу боюнча баардык аракеттер башталганын Би-Би-Сиге билдирди. Ал ошондой эле киши колдуу болгон эки адамдын бири уюшкан кылмыштуу топко мүчө болгонун да кошумчалады.

Аталган шаардын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.Өлтүрүлгөн эки жаранды дайынсыз жоголду деп туугандары полицияга кайрылып, 28-декабрдан бери издеп жаткан. Алардын бири Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну. Экинчиси аны менен Москвада чогуу жашап жаткан адам болуп чыкты. Маалыматка караганда, 28-декабрда алардын бири кайсы бир балдар менен жолугушууга чогуу барып келүүгө көндүргөн. Алар Люблино метросундагы кыргызстандыктарга таандык делген «Алмаз» кафесине барып, түнкү саат үчкө чейин отурган. Андан кийин белгисиз балдар келип, экөөнү тең күч ме­нен машинеге салып кеткен. Бул балдардын да кыргызстандыктар экени айтылууда.

Булак: Кабар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: