Menu

Аскарбек Шадиев өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев билдирүү жасады. Шадиев өзүнө козголгон 3 кылмыш иши саясий буйрутма жана атайын ойлоп чыгарылгандыгын, аны камоо максатын гана көздөгөнүн, сот бийлиги калыс чечим кабыл аларына ишенбестигин айткан. 

“Менин эч кандай күнөөм жок, мен тазамын. Мени эптеп камакка алуу аракети болуп жатат. Ошондуктан үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болдум. Менин айланамда болуп жаткан окуялардын бардыгы – бул саясий куугунтук: мени саясий аренадан чыгарып, мүлкүмдү ээлеп алуу аракети”,- деген Шадиев.

Ошондой эле ал фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган эмес. Жана Кыргызстандан Тажикстан аркылуу мыйзамдуу түрдө чыгып кеткенин, эч кандай мыйзам бузбагандыгын айткан.

“Мен эч кандай арыз жазган эмесмин. Партиялаштарымды жасалма арыз берип алдап коюшту, мени депутаттык мандаттан ажыратуу менен алар мыйзамды одоно бузушту. Андан сырткары, мен чек арадан мыйзамдуу түрдө чыкканмын. Күн сайын жүздөгөн мекендештерибиз ID-карта менен эле Тажикстанга өтүшөт. А кылмыш иши бир гана мага козголуп жатат”,- деп билдирген экс- депутат.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Аскарбек Шадиев Баткен облусу аркылуу Тажикстанга өтүп, Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москвадагы Домодедово аба майданына барып, андан ары Москва-Нью-Йорк каттамы менен АКШга учуп кеткени маалым болгон.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: