Кечээ күнү белгилүү мамлекеттик ишмер Өмүралиев Эсенгул Касымович 68 жашында каза тапты. Ал 1950-жылы Тоң районунда туулган. 1973-жылы Политехникалык окуу жайын бүткөн. 1990-жылдарга чейин өндүрүш заводдорунда иштеген. 1990-жылы Легендарлуу парламенттин депутаты болгон. 1991-жылы СССР Совет министрлигинин алдындагы Элдик чарба академиясын аяктаган. 1991-1992-жылдары Өнөр жай министри болгон. Андан кийин Мамлекеттик мүлк фондусун, Экономика боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген. 1994-1998-жылдары биринчи вице жана вице-премьер министр болуп эмгектенген. Ошондой эле монополияга каршы саясат боюнча департаментти жетектеген. Ысык-Көл облусунун губернаторлук кызматын да аркалаган. Мындан тышкары, Кыргызстандын Украинадагы, Белоруссиядагы элчиси болуп эмгектенген. 2012-2016-жылдары Казакстанда элчи болуп турган. Өмүралиев ушунча көп жооптуу кызматтарда иштесе да башка саясатчылардай болуп, чуулгандуу иштерге аралашып, элге жек көрүнгөн эмес. Салыштырмалуу таза инсандардын бири эле. Аны менен коштошуу кечээ КырДрамда өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Биз да Өмүралиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ