Menu

Тажикстанда Холи майрамын белгилегендерди милиция ур-токмокко алды

Бөлүшүү:

Тажик социалдык түйүндөрүнө жайгаштырылган 16 мүнөттүк аудиоролик укук коргоочулардын кыжырын келтирип, нааразычылыгын жаратты. Анда кыйкырык-сүрөөн, ызы-чуу, ый, зордуктайм деген коркутуулар, басынтуулар, орой сөздөр, уруп-соккондогу, чаап жибергендеги чыккан дабыштар жазылган.

Купуя аудиодо индиялык улуттук-диний Холи майрамын белгилеген улан-кыздарды милиция кызматкерлери кармап, ур-соккуга алгандыгы жазылган.

Тажикстандын ичи иштер министрлиги милициядан ыдык көргөн жаштарды арыз менен кайрылууга чакырды. ИИМ басма сөз катчысы Жалолиддин Садриддинов чындыгында эле 15-майда көчөдөн Холи майрамын белгилеген жаштардын тобу кармалгандыгын кабарлады. Анын айтымында, алар суралгандан кийин эле кое берилген.

Кыйноолорго каршы бейөкмөт уюмдардын коалициясынын мүчөсү Дилрабо Самадова аталган аудиотасманы иликтеп, «милиционерлер кармалгандарга 16 мүнөт ичинде 25 жолу кол көтөргөндүгүн” айтып чыкты.

Майрамды уюштуруучулардын айтымында, аны өткөрүүгө расмий уруксат алынганы менен катышуучулардын бир даары үйүнө бараткан жерден кармалышкан. Алар бири-бирине түстүү упа ыргытылгандан кийин бети-башын жууй элек абалда болушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: