Menu

Москвада Ислам Каримовдун эстелиги орнотулат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун эстелиги Москва шаарындагы гүл бакта орнотулат. Мындай бүтүм Москва шаардык думасынын монументалдык исскуство боюнча комиссиясынын жыйыны учурунда кабыл алынды.

Мэр Сергей Собяниндин чечими менен октябрда Якиманка районундагы шаардык гүл бакка Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылган.

Гүл бак Өзбекстандын консулдук бөлүмүнө жана мейман үйүнө жакын жайгашкан.

Комиссиянын төргасы Игорь Вознесенский эстеликти тургузуу боюнча чечим бир добуштан колдоо тапканын билдирди.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жаш курагында мээсине кан куюлуп көз жумган. Анын сөөгү кичи мекени Самаркандда жерге берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: