“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз кызматын тапшырып берип, ооруканага барып Өмүрбек Текебаев менен кучакташып, кол алышып батасын алып, «Ата Мекен» партиясынан кол үзгөнүн жар салды. Ошондой эле ал коомдук-саясий ишмердигин, юридикалык, илимий ишин уланта берээрин, саясаттан дагы кетпей турганын белгиледи. Мындан сырткары, “Алдыдагы шайлоого бирге баралы” – деген сунуштар да түшүп жатканын кошумчалады. Ошентип акыйкатчынын шайлоосунда “Ата Мекендин” 11 депутатынын төртөө гана колдоп, ошого таарынып кетип жатат деген сөздөрдүн чындыгы бар экени билинип калды. Бирок мындай маалыматты Канатбек Азиз четке каккан менен, «Башка партиялардан сунуш түшүп жатат» – деген сөзү аркылуу таарынычын билдирип койду. Айтмакчы, бир чети «Ата Мекендин» доору аяктап калганын сезип, шылтоого шыноо таппай турган жаны эртелеп куйрук түйдү көрүнөт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ