Жалпыга маалым болгондой, 2017-жылы 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толот. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө Жарлыгына ылайык 22-сентябрда саат 10:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүлмөкчү.
Мындан сырткары жылдагыдай эле жер-жерлерде мекеме-уюмдарда ар түрдүү форматтагы иш-чаралар мерчемделип, өткөрүлүүдө.
18-сентябрда Кыргыз улуттук консерваториясында саат 11:00дө иш чара өткөрүлсө, 19-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү борборунун “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу иш-чарасы болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ