Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Шаардык кеңештин ишин жакшыртабыз

Бөлүшүү:

«Биз шаардык парламенттин ишин жакшыртууну көздөйбүз», – деп белгиледи Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин айтымында, Бишкек кеңири ресурстарга ээ, бирок, азыр өзгөрүүлөрго муктаж. Бишкектин айрым райондору өнүгүү деңгээли боюнча өлкөнүн кээ бир областтык жана райондук борборлорунан артта калган.

Шаардын бир жылдык бюджети 8 млрд сомду түзөт, ал эми шаар аймагынан салык жана башка төлөмдөр 5 эсеге көп чогулат. Мунун ичинен борбор шаарда төлөмдөрдүн 19% калса, калган 81% республикалык бюджетке, өлкөнүн башка аймактарын каржылоого жумшалат.

Башка шаарлар мындан дагы аз каражаты менен өзүнүн инфраструктурасын оңдоо, калкынын жашоо-шартын ыңгайлаштыруу багытында бир топ ийгиликтерге жетишмек. Мындай жакшы жыйынтыкка мэрия менен шаардык кеңештин депутаттарынын биргелешкен иш-аракеттеринен улам жетишти деп ойлойбуз.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлдөрү   Кыргызстандын бардык чоң шаарларында: Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Каракол, Кемин ж.б. бар.  Ар бир шаарда биздин партия тарабынан практикалык долбоорлор ишке ашырылды.

Н.Абдылдаевдин айтуусунда, аймактагы шаарлардын мисалы көрсөткөндөй, Бишкек дагы биринчи кезекте шаардыктардын кызыкчылыгын коргогон күчтүү шаардык кеңешке муктаж.

Бишкек шаардык кеңешинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаар бюджетинин 2 эсеге көтөрүлүшүнө аракетин жумшайт. «Бул каражаттар шаардын өнүгүшүнө жумшалат. Жалпысынан, көпчүлүк каражатты  калктуу аймактардын жана жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга салабыз», – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: