Бишкек шаарында жер тилкелери менен алдамчылык кылган шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февраль күнү билдирди.
2011-жылы Бишкек шаарынын жашоочусуна Айнагуль аттуу аял ишенимине кирип, “Ак-Ордо” жаңы конушунан жер тилкелерин алып берем деген шылтоо менен 308 миң сом акчасын алып, изин жашырып качып кеткен. Натыйжада, жабырлануучуга ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Кийинчирээк жабырлануучу ички иштер органдарына тиешелүү чараларды көрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылып, анда акча каражаттарын алдамчылык менен алектенген аялга ишенип, алдырып жибергендигин билдирген.
2019-жылдын март айында аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ленин РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодесинин 204-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган “Алдамчылык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул кылмышка шектүү катары Нарын облусунун жашоочусу 1961-жылы туулган Жумабаева Айнагуль өтүүдө. Ленин РИИБнин тергөө кызматы жана криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү жаранды издөөгө бир
нече ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн, бирок азыркы учурга чейин натыйжа болгон эмес.
Сот, тергөө кызматынын өтүнүч сунушу менен шектүү жарандын укук коргоо органдарынан жашырынуусун жана туруктуу жашаган жери болбогондугун эске алуу менен баш коргоо чарасы катары камакка алуу түрүн тандаган. Ошондой эле шектүү жаран издөөгө берилген. Шектүүгө карата тандалган баш коргоо чарасын аныктоо тууралуу соттун токтому шектүүнү Кыргызстандын аймагынан сырткары кармоого жана укук коргоо органдарына тапшырууга уруксат берет.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан алдамчылыкка шектүү жаранды кармоого багытталган ыкчам-издөө чараларын жүргүзүү уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ