Кытайдын борбор калаасы Пекинде эки баланын энеси Чжан күйөөсү жумушта бошобой, ага аз көңүл бургандыктан өзүмчө көңүл ачууга аракет кылдым деп ырастоодо. 2017-жылдан бери ал эркектер менен өзүн Чжоу Мо деп ойдон чыгарылган ат менен таанышып келген. Ал алар менен жакын мамиледе болуп гана тим болбостон, жабырлануучулардан ири суммадагы акчаларды өндүрүп турган.
Чжан жалпысынан көңүлдөш эркектеринен 400 миң юань кагып алган. Жабырлануучулар жалгыз бой энеин медициналык төлөмдөрүнө жардам берип, батирди ижарасына төлөп, эки баланы багууга жалгыз бой энеге жардам берип жатабыз деп жаңылыш ойлоп жүрүшкөн.
Август айында анын калпын ачыкка чыгарышкан. Эркек киши жаңы таанышы тууралуу көбүрөөк маалымат табууну чечип иликтеп, анын калпын таап чыккан. Кийинчерээк Чжанды полицияга өткөрүп беришкен. Көрсө, алдамчынын үй-бүлөсү анын кылмыштуу айла-амалдары жөнүндө билген эмес.
Кармалгандан кийин Чжан ойношторунан алган акчасын онлайн кумар оюндарына жумшагандыгын мойнуна алган. Анын иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Чжан сегиз жылга эркинен ажыратылып, 40 миң юань айып пул төлөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ