Кечээ Европа биримдигинин “Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө” долбоорунун жетекчиси доктор Стефанос Кареклас жана Германиядан келген, 40 жылдан ашуун судья болуп иштеген Манфред Георг Верт мырза жана Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Бишкектеги Ататүрк-Алатоо эл аралык университетинин юридика факультетинин студенттери менен ачык сабак өткөрүштү.
Адегенде Айнура Токтошева студенттерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун структурасы, курамы, дегеле Кыргызстандагы сот тутумунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Андан соң, юридика илимдеринин доктору Стефанос Кареклас эл аралык юстиция, сот тармагы тууралуу баяндама кылды.
Ал эми Германиядан келген судья Манфред Георг Верт мырза болсо студенттерге Германиянын сот системасы, юстиция багытындагы билим алуунун жол-жобосу, өзгөчөлүктөрү тууралуу ачык сабак өттү. Студенттердин кызыгуусу да улам артып, суроолор тынымсыз берилип турду.
Университеттин юриспруденция кафедрасынын башчысы Нурлан Исмаилов бул окуу жайда тиешелүү факультет үч жыл мурда ачылганын, азыр жүзгө чамалаш студент билим алып жатканын билдирди.
Ачык сабак аягында өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы бар судьялар менен мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп туруусу, студенттер үчүн атайын соттук процесс залын жабдып, анда студенттердин практикалык иши үчүн судьялардын катышуусундагы процесстерди өткөрүп туруусу боюнча каалоолор айтылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ