Menu

Аида Салянова, депутат: “Достор, кыргызча жаз дедиңиздер, жазганга аракет кылайын”

Бөлүшүү:

Депутат Аида Салянова жакында эле Жогорку Кеңеште колдоо таппай калган той-мааракелерди өткөрүүдөгү ысырапкорчулукка тыюу салган мыйзам долбоору тууралуу өз оюн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

– Достор, кыргызча жаз дегениңиздер туура. Көбүрөөк жазганга аракет кылайын.
Жакында парламентте өтпөй калган каада-салттарды өткөрүүдөгү чектөөлөр жөнүндөгү долбоор боюнча өзүмдүн оюмду билдирүүнү туура көрдүм. Кабыл алынып калса бул тек гана мамлекеттен маяна алган адамдарга милдеттүү болмок. Биздин залкар жазуучубуз Салижан Жигитов айткан: “Тойлор көбөйгөн сайын ойлор менен койлор азайып жатат”, – деп . Өзгөчө, күзүндө аткаминерлер тойдон чыкпай калышат. Эртеси болсо жумушка чыкпаганы чыкпай, чыкканы кандай пайдалуу иш жасап жатат экен деген суроо жаралат.
Орто эсеп менен 10-15 миң сом маяна алган адамдар күркүрөгөн тойлорду берет. Кээ бири кол алдындагыларды чакырат. Алып барбаска айла жок. Эртең эле жумуштан айрылганы турбайбы. А бул паранын жеткен чеги эмесби?!
Мыйзам долбоорунда ушундай жосундарга тыюу салынган. Көп учурда той-аштарга кызматтык автоунааларын колдонушат. Долбоордо ага дагы тыюу сунушталган. Мамлекеттик имараттарда ар кандай иш-чаралар өткөндө спирт ичимдиктери ичилбесин деп дагы жазылган.

Куру намыс баш жарат демекчи, карызга батсак дагы, акыркы оокатыбызды сатсак дагы, эл алдында уят болбойлу деп жылаңач баатыр болуп көнгөнбүз. Жакшылыкка болсо даярданат экенбиз, жамандык кокусунан келет экен. Ошондо элден кем болбойун деп өлгөнгө көмгөн болобуз. Атасы каза болуп атса балдарынын ырыскысын болушунча чачат экенбиз.
Жакын адамыңды жоготуп, кабырган кайышып турса, элдин курсагынын камын көрөсүң. Мунун баарынын кереги барбы? Көнгөн адат оңой менен калбайт. Бирок ушундайда элита үлгү болуп, өзүнөн баштаса, жакшы нерсенин артынан эл ээрчийт эле.
Текеберчиликке жол бербеген, мамлекеттик кызматтагыларды манчыркатпай, менменсинтпей, жөнөкөйлүккө, сарамжалдуулукка үгүттөгөн мына ушу мыйзам болмок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: