Menu

ИИМдин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-август күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары. милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: