Menu

Трамп: Лавров менен жолугушуу «абдан жакшы» өттү

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкандан кийин сүйлөшүүлөр «абдан жакшы өткөнүн» айтты.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Трамп Сирияда тынчтык орнотуу үчүн биргеликте иштөө зарылдыгын айтып, Асаддын режимин жана Иранды «ооздуктоо» керектигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ президенти Украина маселесине дагы токтолуп, Кошмо Штаттар андагы кагылышуулардын токтошун жактай турганын билдирди. Андан сырткары Жакынкы Чыгыштагы жана башка аймактардагы жаңжалдарды жайгаруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүндүктөрү жөнүндө айтып, Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы алакалардын жакшырышын каалай турганын белгиледи.

Сергей Лавров Вашингтондогу маалымат жыйынында Орусия менен АКШ Сирияда коопсуз тилкелерди түзүү боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул боюнча өз ара аракеттешүү механизмдери талкууланды.

Лавров Трамп менен АКШдагы шайлоолорго Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу сөз болбогонун айтты. Ал бул теманын айланасындагы талаш-тартыштарды «ашкан тартипсиздик» деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: