Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу районундагы балдар үйүнө барды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
1996-жылы түзүлгөн 110 балага ылайыкталган балдар үйүндө учурда 3-18 жашка чейинки 71 бала тарбияланат. Алар үчүн информатика, бий, ыр, көркөм искусство, бычуу тигүү жана спорттук ийримдер уюштурулган.
Премьер-министр алар менен бирге тамактанып, мекеменин балдары менен баарлашып, класстарын көрүп, балдардын колунан жасалган буюмдар менен таанышты.
Балдардын алдына сөз сүйлөгөн Сапар Исаков бул жердеги түзүлгөн шарттар үчүн мекеменин жетекчилигине ыраазчылыгын билдирди.
Премьер-министр Сапар Исаков мекеменин директоруна компьютердик жабдуулар менен толук камсыздоо үчүн 100 миң сомдук сертификатты тапшырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга керектүү шейшептер жана окуу куралдары менен менен камсыз кылууну тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ