Menu

Кыргызстан акчаларын кайда жумшайт?

Бөлүшүү:

Былтыр Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин чыгымы 158 миллиард сомго жакындаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 2018-жылы мамлекет социалдык маселелерге артыкчылык берген. Жалпы чыгымдын 40 пайызга жакыны билим берүүгө (33 миллиард сом), элди социалдык жактан коргоого (30 миллиард сом).

Андан кийинки орунда мамлекеттик кызматка кеткен чыгымдар турат. Алардын көлөмү жалпы чыгымдын 12 пайызын түзгөн. Башкача айтканда, 2018-жылы мамлекеттик кызматка 19 миллиард сом кеткен. Ал эми коргоо тармагына 17 миллиард сом чыгымдалган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча саламаттыкты сактоого мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын 9 пайызга жакыны бөлүнүп, 13,6 миллиард сомду түзгөн.

Турак жай-коммуналдык кызматтарга кеткен чыгым болжол менен 5 миллиард сомго жеткен. Маданиятка эс алууга жана дин тармагына корогон чыгым 4 миллиард сомдон ашса, экономикалык маселелерди чечүү үчүн дээрлик 3 миллиард сом сарпталган.

Ал эми айыл жана токой чарбасына, балыкчылыкка жана аңчылыкка жалпы чыгымдын 1 пайыздан бир аз көбүрөөгү кеткен. Транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо жана байланыш жаатына мындан аз акча коротулган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: