Учурда Сапар Исаковдун абалы канааттандыраарлык. Күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
16-август күнү УКМКнын Тергөө изоляторунда отурган Сапар Исаков инсульт алган. Ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жеткирилген.
Эске салсак, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо, Тарых музейин реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 5-июнунан тарта камакта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ