Күйөөсүн көрүнгөнгө жамандаган аялдарга кеңешиңиз?
Шариатта күйөөсүн эмес, негизи эле бирөөнү ушактап-жамандаган күнөө деп эсептелет. Күнөөсүн билип туруп тескерисинче анын кемчиликтерин жаап туруш керек деп айтылат. Өзгөчө күйөөң жөнүндө дос-туугандар арасында, кошуналарга ушактаган аялдын акылы жок деп айтат элем. Андай эле ал киши менен жашоо-турмушу болбой калса, ушактап отурбай үй-бүлөнүн тагдырын жакшы ойлонуп чечип алышы керек. Бирөөгө ушактоо менен маселе чечилбейт. Сыртка чыгып ушактап, үйгө кирип эч нерсе билбегендей болуп жүргөн аялдарга кеңешим ушул.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ