Menu

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Эл үчүн күйбөгөн, денеге кереги жок “чимкирик” парламент өлкөнү туңгуюкка алып келди”

Бөлүшүү:

– Дастан Исмаилович, өткөндө президенттин мамлекет туңгуюкка келди деген сөзүн талкууладык эле. Бул сапар ошол туңгуюк кандай болуп келгенин, андан чыгуунун жолу тууралуу кеп козгойлу. Нечен миң окумуштуу, илимпоз, илим докторлору, академиктер, наам-даражалуу, “Манас” орденин алгандар, Эл Баатырларыбыз, эл акыны, эл жазуучуларыбыз бар. Алар туңгуюкка баратканыбызды билбей, байкабай калдыбы, унчукпаганына караганда?

– Баары болбосо да көбү көрүп, билип, түшүнүп эле турду. Бирок, унчугушкан жок же өзү таза эмес (куйругунда калбыры бар), же бийлик кызматында иштеген балдары, кыз-келиндери, урук-туугандарына залакасы тийет дешти, же саясат ыплас, жолобой эле коёюн деп кайдыгер карап турушту… А чындыгында, улут жана келечек алдында чыккынчылыкка тете мамиле болду… Ушундай мамиленин кесепетинен далай мамлекеттер кыйрап, улуттар жок болуп, тарыхта изи да, аты да калбай калбадыбы.

– Акыркы 9 жылды таразалап-талдасак, кайсы каталардын кесепетинен улам туңгуюкка жакындап олтурдук?

– Эң алды, мамлекетибиздин Конституциялык негиздери атайын талкалана баштады. Элге далай кыянат иштер атайын жасалып олтурду.

Биринчи, Конституциянын экинчи беренесинде Жогорку Кеңештин депутаты тикелей (түз) шайланат деп жазылган. Иш жүзүндө шайлоочулар партиянын атына добуш беришти. Башмыйзам боюнча шайлоо бюллетенинде депутатка талапкерлердин аты-жөнү көрсөтүлүшү керек эле. Депутат мандатын элден, элдин добушунун негизинде албай, саясый партиянын лидерине берген акчага жараша алып, ага көз каранды болуп, анын сөзүнөн чыга албай, элдин таламын талаша албай калып жатпайбы…

– Анда Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышындагы курамы легитимдүү эмес болуп калабы?

– Кыргызстан – укуктук мамлекет, мыйзамдын үстөмдүгү кепилденген – деп жарыялагандан кийин Жогорку кеңештин бешинчи жана алтынчы курамы Конституциянын экинчи беренесин одоно бузуу менен шайланганын бүт эл билип турса, ал легитимдүү болобу же болбойбу?

Анын үстүнө, эл аралык демократия эрежелерине ылайык, депутаттарды тизменин негизинде шайлаганга тыюу салынат. Анткени, шайлоочу тизмедеги адамдардын баарын таануу мүмкүн эмес жана баарына бирдей добушун бергени тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы деп бааланат. Тандоо болбогон соң, шайлоо да болгон эмес деп эл аралык эреже боюнча каралат.

– Акча берип депутат болгондор эң алды берген акчасын кайтарып алууну көздөп жана партия лидеринин буйругунан чыгалбай калат деген сөздүн негизи бар экен да?

– Туура. Мунун баарын жакшы билип, ишке ашырган Атамбаев ошол үчүн “чимкирик” парламент деп чындыкты айтты да.

– Ошондо, Кыргызстанда парламенттик башкаруу эмес эле, “чимкирик” башкаруу орнотулган болуп калабы?

– Ошол үчүн эл арасында Жогорку Кеңешти акционердик коом, базаркомдордун парламенти, пара-аламент ж. б терс баалар айтылып, жазылып келбедиби… Бурмалабай түз айтканда, бешинчи жана алтынчы чакырылыштын курамы саясый шылуундар, эл үчүн күйбөгөн, денеге кереги жок “чимкирик” парламент болгону үчүн өлкөбүз туңгуюкка келди да…

– Мамлекеттин Конституциялык негиздеринин дагы кайсылары бузулган?

– Конституциянын төртүнчү беренесинде “мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынат” деп турат. Иш жүзүндө Жогорку Кеңешке өткөн саясый партиялар баардык кызматтарды (министр, губернатор, аким ж.б.) устукан тараткандай бөлүшүп алып, мыйзамсыз “квота” деген түшүнүк менен кызматтарды акчага сатып, кадр саясатын “Ош базарына” айлантып, коррупцияны кеңири жайылтпадыбы…

Конституциянын 5,7,16, 38, 52, 74-беренелери да орой, одоно бузулганы үчүн Атамбаев бийликти узурпациялады, Кыргызстан Ислам дини аркылуу өнүгөт, кыргыз улуту паспортто көрсөтүлбөйт, бир дагы саясый партияга мүчө болгусу келбеген Кыргызстан элинин 95 пайызы өлкө башкаруудан, депутат болуудан, жетекчи кызматка дайындоо укугунан ажыратылат деген саясатты прокуратура, УКМК, милиция, сот органдарын союлга айлантып, 17 күнөөсүз саясатчыларды 145 жылга түрмөгө кесип, Талас эли эл эмес, нарындыктар малсыңар, көлдүктөр катынсыңар, аялдар күйөөлөрүнө төшөктө эмне кылыш керек деген ыплас, адам уккус сөздөрдү айтып, дүйнө жүзүнө кыргызды уят кылбадыбы…

– Атамбаев жана ал таянган Жогорку Кеңештеги СДПКдан шайланган депутаттарга мамлекеттин Конституциялык негиздерине каршы кылган кыянатчылыгы үчүн кылмыш иши козголушу керек турбайбы?

– Эгерде Башпрокурорду Элдик Курултай бекитип жана аны кызматтан Элдик Курултай гана алган болсо, өлкөбүз туңгуюкка учурабайт эле, 2012-2013-жылдары эле Конституцияны тебелеп, бузгандарга кылмыш иштери козголуп, сот жообуна тартылат эле…

– Серепчилер Убактылуу Өкмөт да Конституцияны каалагандай бузуп келгенин айтып да, жазып да чарчашты окшойт го…

– Бул дагы чын. 2010-жылы Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган шартта Конституция референдум өткөргөнгө жол бербейт деген талабын одоно бузуп, жаңы Башмыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна койбой туруп, колдоп бербесеңер түштүктөгү жаңжал тынчыбайт деп опузалап, коркутуп жаңы Башмыйзамды кабыл алды кылбадыбы Убактылуу Өкмөт. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында 5 пайыз босогодон өткөн саясый партиялар баары биригип шайлоочулардын араң 36 пайыз добушун алган, демек алар эл атынан мыйзамдарды кабыл алганга укугу жок болчу, 50 пайыздан өйдө добуш алганда гана андай укукка ээ болмок эле.

Атамбаевдин президент катары шайлоо учурунда добуш берилген күнү үгүт иштерине мыйзам уруксат бербегенине түкүрүп, Отунбаева ачык эле элге кайрылып, Бакиевдин адамдарына (түштүктөн чыккан талапкерлерге) добуш бербегиле деп үгүттөгөнүн бүтүн кыргыз эли укпадыбы.

– Мамлекет туңгуюкка келгенине Убактылуу Өкмөттүн салымы чоң деген пикирлер да айтылып жатат. Буга негиз барбы?

– Убактылуу Өкмөт Башмыйзамда жок түзгөн байкоочу кеңештери (эл баа бергендей) чайкоочу кеңешке айланды. Сот реформасы соттор менен чырмалышкан прокурорлорго алып келди. Мунун баары алдын ала күтүлгөн болчу, анткени Убактылуу Өкмөттүн бир дагы мүчөсү областы эмес, районду да жетектеп көрбөгөн “таза кандуу” саясатчылар эле.

Бакиевге оппозиция болгон Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Атамбаев түзгөн уюшулган мамлекеттик коррупциялык кылмыштуу мафиялык топ өлкө экономикасын, кадр саясатын быт-чыт кылып талкалаганын көрүп туруп талкан сугунуп алгансып ооз ачпай койбодубу…

– Убактылуу Өкмөттүн төрайымы элет кыргыздарын “мырка” деп айтканы көп нерседен кабар бербейби?

– Көчмөн кыргыз шаар-кыштакта жашабаса деле улуу цивилизация жараткан. Атактуу манасчылар, акындар, комузчулар, ырчы-обончулар, баатырлар, көсөм-акылман, ойчулдар – баары элеттен чыккан. Демек, элеттиктер “мырка” дегени кыргыз улуту “мырка” дегендей эле болду… Мындай түшүнүк менен кыргызга жакшылык кылмак беле.

– Шахматтын иштерин шылтоо кылып, өмүрү буга чейин Кыргызстанга келбеген Калмыкиянын президенти Отунбаевага үч жолу келип жолукканы да бекер эмес дегендер болду го…

– Үмөт Молдонун санжырасында Саруунун ичиндеги Бошмоюн кыргызга жээн деп таамай жазылып турбайбы… “Желке тон болбойт, жээн эл болбойт” деген макал илгертен бери айтылып келатпайбы.

– Бишкек ЖЭБ, тарых музей, ипподром, Дача-СУ, тоо-кен тармагындагы коррупция, Жерүй, Кумтөр, бажыдагы “кылыктар” — баары биригип кыргыз мамлекетине 3-4 миллиард доллар зыян алып келгенин серепчилер баалап жатышпайбы…

– Москвада басмадан чыккан “Тень Атамбаева над Киргизией” деген китепте бул зыяндын көлөмү 5-6 миллиард доллар деп жазылыптыр.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: