Орусиялык 78 жаштагы ырчы Лев Лещенко таажывирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Лев Лещенко коронавируска шектелип ооруканага түшкөн. Бирок ырчынын менеджери Олег Дмитриев мындай маалыматты четке кагып, Лещенко өзүн жаман сезгенине байланыштуу жубайы менен ооруканага текшерилүү үчүн барып, дарыгерлердин кеңеши менен жаткырылганын, бирок коронавирустан улам жаткырылбаганын айткан.
Азыркы тапта Москвада жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 840 адамды түзөт. Андан 9 адам толугу менен айыгып чыкты, ал эми 2 адам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ