Menu

Аяна Эркинбекова: “Р.Отунбаева кыргыздын чоң душманы. Феминисткалардын башчысы”

Бөлүшүү:

Эгер кээ бир сөздөр көңүлүңөргө катуу тийип, назик психикаңарга зыян келтирсе, алдын ала кечирим сурайм! Айтпаса адамдын жанын кашайтышат!

Фбга бүгүн кирип, көзүм чакчайып: “Апеей ботом!”- дегенден башка сөз таппай калдым. Качантан бери кыргыз аялдары менен балдарынын (тем более) укугунун деңгээли Даниянын жылаңач катындарынын көчүктөрүнө түшүп калды эле? Биздин укугубуз менен алардын даараты жок жыныстык мүчөлөрүнүн кандай байланышы бар? Өрттөн каза болгон 17 кыргыздын мусулман кыздарынын рухтары ошого муктаж беле?
Көрсө биз – маданиятсыз, артта калган мракобестер жылаңачтануу маданияттын туу чокусу экенин билбей жүрүптүрбүз да. Эгер ошону уюштурушкан 4-5 катын жана аларды колдоп жаткандар, чындап кыргыз аялдарына жана балдарына күйүп атсаңар, эгерде жылаңачтануу аларды зомбулуктан коргоп кала турган болсо, эмнеге өзүңөр чечинип аянтка чыкпайсыңар? Эмнеге өз кыздарыңарды чечинтип чыгарбайсыңар? Ошону уюштургандар кыргыздардын баалуулуктарына 7-мартта биринчи түкүрүк кылышкан. Ал түкүрүгүн жутуп койгонубуз үчүн, экинчисин үстүбүзгө кусуп салышты. Эми токтотпосок, эмкисинде эмне кыларын өзүңөр эле элестетип койгула.

Р.Отунбаева кыргыздын чоң душманы. Феминисткалардын башчысы. Баякы Филармониянын алдына жаштарды чогултуп алып, бачата бийлеткен да ушу болгон. Кыргыздын жаштарынын аң-сезимин өзгөртүп манкурт кылганга жасаган аракеттери. Эми ушу элдин чөнтөгүнөн 80 миң пенсия алып, резиденциянын төрүнөн особняк алып, бекер соц.пакеттерди колдонуп отуруп, душмандыгын койбоду. Бул окуялар болду. Болгонду оңдой албайбыз. Бул дарактын бутактары. Бутактары менен күрөшпөй, бактын тамырын кыйыш керек. Тамырынын резиденттери ушул Отунбаева, Текебаев. 2010-жылы ушу бузуку батыштан жаздырып келген Конституцияны өткөрүп кетишкен. Элге байкатпай өткөрүп кетиш үчүн Ош окуясын да ушулар уюштурганбы деген суроо туулуп, абада илинип турат. Муну иликтеп, буларды жоопко тартпаса, тайраңдап чектен чыгып кетип атышат. Убакыт келди! Эл ойгонбосок, урпактардын келечегине булар коркунуч алып келе жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин болуп аткан окуяларга укуктук, саясий жана юридикалык баа берилген жок. Берилмек турсун, баатырларды ОПГ деп куугунтукка алып, ОПГны бийликке толтуруп салышты! Жарандар өзүбүз сотко берип, жоопко тартабыз! Жараткандын жардамы менен албетте!

Аяна Эркинбекова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: