“Кыргызстанда кодойчулук өсүп жатат. Бою өспөй кодо болуп калган балдардын саны көбөйүүдө. Бул элдин социалдык абалынан кабар берет. Бойдун өспөй калышы тамак-аштын сапатынын начардыгынан, тоюнуп жебегендиктен болууда. Бүл багытта өкмөт иш алып барышы зарыл. Эртеңки биздин жаш муундардын камын азыртан көрүшү керек. Ошондой эле медицина тармагындагы, дегеле социалдык багыттагы реформалар биздегидей баш-аламан жүргүзүлбөй, так эесептелип, илимий негизде гана жүргүзүлүшү керек”, – деп билдирди кечээ, 19-июлда укук коргоочу Бурул Макенбаева КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун жолугушуусу учурунда.
“Ооба бизде медицина бекер деп айтылганы менен иш жүзүндө акы төлөнүүчү медицина болуп калганын билем. Бул багыттагы реформалардын кандай жүрүп жатканы менен да кабарым бар. Сиз айткан маалыматтар боюнча мен тактагандан кийин тийиштүү уюмдарга тапшырма берем”, – деп жооп берди президент Жээнбеков.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ