Menu

Публицист Жыргалбек Турдукожоевден премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге ачык кат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиевге

 Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич!

Быйыл мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл болот. Чейрек кылымдан ашык убакыттын ичинде бул мыйзам талаптагыдай жүзөгө ашырылбай, анын абдан маанилүү ченемдеринин аткарылышы улам кийинкиге калтырылып келди. Мамлекеттик тилибиз улам бир тоскоолдуктарга учурап, кыргыз эли күткөндөй өсүп, өнүкпөй жатканы – факт. Анын мындай абалга дуушар болгонуна, албетте,  мамлекеттик бийлик органдарынын дагы түздөн-түз тиешеси бар экени талашсыз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык  Өкмөт Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат. Бирок Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышына талаптагыдай көңүл бурбай жатат. “Бул маселе Өкмөттүн күн тартибине акыркы ирет качан киргизилип, качан каралды?” деген суроо, менимче, ар бир кыргызстандык берүүчү мыйзам ченемдүү суроо.

Аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иш кагаздары мамлекеттик тилде кандай деңгээлде жүргүзүлүүдө? Алардын расмий сайттары мамлекеттик тилде талаптагыдай сапаттуу иштеп жатабы? Мектеп окуучулары үчүн мамлекеттик тилде чыгарылып жаткан окуу китептеринин сапаты кандай?

Маалыматтык коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү санариптештирүү зарыл экенине зор маани берип, Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылды „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялады. Мамлекет башчысы «Түндүк» электрондук тутуму аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн айтты. Бул абдан олуттуу иштин  мамлекеттик тилдеги өңүтү кандай болот? Бул маселеге кандай көңүл бурулуп жатат? Азырынча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталдары мамлекеттик тилде талаптагыдай жүргүзүлгөн жок, ал эми кээ бир порталдар бүгүнкүгө чейин расмий тилде гана иштөөдө.

Бирок Өкмөт бул боюнча тийиштүү жыйынтыктарды чыгарып, конкреттүү чараларды көрүп жатабы?

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышына байланыштуу бул сыяктуу ж.б. маселелер Өкмөттүн күн тартибине киргизилип, каралууга тийиш деп эсептейм.

Тиркеме: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеевге ачык кат (“Де-факто”гезити, 11.01. 2019).

 Жыргалбек Турдукожоев, публицист

16.01.2019

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: