Кыргызстанда ача туяктуу жапайы жаныбарлар – тоо эчки, элик, каманга, ошондой эле канаттуулар – бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке аңчылык сезону ачылды. Бул тууралу КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык, тоо эчки, каман, бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке аңчылык сезонунун мөөнөтү августтун экинчи ишембисинен башталып, декабрдын биринчи жекшембисинде аяктайт. Ал эми эликке октябрдын акыркы жекшембисинде токтотулат.
Быйыл 2019-жылдагы аңчылык сезонунда 700 баш тоо эчкиге, 20 баш эликке жана 60 баш каманга аңчылык кылууга лимит бекитилди.
Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында 41 миң 463 баш тоо эчки, 4 миң 470 баш элик, 2 миңден ашык каман бар.
Алардан сырткары Кыргызстанда Кызыл китепке кирген аркарлардын үч түрү бар: Марко Поло аркары, Тянь-Шань аркары жана Северцев аркары. Алардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 18 миң баштан ашык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ