Ош базарындагы өрт боюнча күнөөлүүлөр аныкталды, сот процесстери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов “Биринчи радионун” эфиринде базарлардагы өрт кырсыктары боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.
Ал базарда ири өрт болгонун эске салды. Бирок сот жараяны бүтө элек болгондуктан Ахматов кылмышкерлердин атын атоодон баш тартты.
Белгией кетсек, Ош базарында бир нече өрт кырсыгы катталган. Алардын биринде “Берекет” кичи базары жана ага жанаша жайгашкан соода аймактары толугу менен күйүп кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ