Menu

Миллиондорду мойсогон “казак жараны” Сулейманов жоопко тартылабы?!

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатында кош жарандуулук деген маселе өзүнчө эле бир өнөкөт ооруга айланып калгандай болуп турат. Себеби, убакыт өткөн сайын эле Кыргызстанга күйүп, Кыргызстандык болуп бакылдап, мекенчилдигин көрсөтүп жүргөн бир катар саясатчылардын кош жарандуулук маселеси аныкталып, булайып чыгып калууда. Буга чейин саясатчылардан: Жыргалбек Саматов, Кубанычбек Кулматов, Өмүрбек Бабанов, Дамирбек Асылбек уулу ж.б. кош жарандуулугу бар экени тууралуу маселе чыгып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Эми мындай “ит” оору улуту казак депутат Бахадыр Сулеймановдо дагы бар экенин, анын мындай “оору” менен көптөн бери ооруп келатканы сөз эмес, иш жүзүндө тастыктала баштады. Бул адам кыргызга анчалык күйбөгөн, жеке кызыкчылыкты көздөгөндөрдүн бири экенин өз аракеттери менен эчак далилдеп койгону элге маалым.

2010-жылы “эбин тапкан эки жейт” болуп, Бахадыр Сулейманов акчасынын көптүгүнөн улам кайрадан мансапка жулунуп, ал кездеги “Ата-Журт” партиясы менен парламентке депутат болуп келген. Депутат болгонуна эки  жыл болуп калган учурда фракция лидери Камчыбек Ташиев аны келиштире токмоктогону ачыкка чыгып, бул маселе коомчулукта кызуу талкууга алынган. Мушташ Сулеймановдун казак жарандыгынан улам чыккан. Себеби, Ташиев Бахадырдан  мандатын өткөрүп берүүнү талап кылган. Бирок мансабынан айрылгысы келбеген Сулейманов бар аракетин кылып жатып, казак жарандыгы жок экенин БШК аркылуу айттырып, мандатын сактап калган. 2015-жылы  да шайлоого катышып, дагы депутат болуп келди. Учурда ЖКда  “Ата Мекен” фракциясынын депутаты болуп турган Сулеймановдун кош жарандуулук маселеси акыркы күндөрү кайрадан кызуу талкууга түштү. Ал тургай анын Казакстандын жарандыгы экенин тастыктаган документтер да чыкты. Бирок ошого карабай, ал БШК аркылуу дагы бир ирет Казакстандын жарандыгынан 2010-жылы эле чыккандыгын айттырып жатат.

Жасалма дегенге негиз жок. Демек жакшы текшерилбей калганбы?

Сулеймановдун казак жараны экендигин тастыктаган документти жакшылап карайлычы: ал документ 2013-жылдын 18 –апрелинде Жамбул областынын Кордай районунун райондук милициясы тарабынан  Сулеймановдун улутташы Магибой Шарип Габуровичке Кордай РОВДсынын начальниги Б.  Т. Баймухемедов  тарабынан берилгендиги көрсөтүлүп турат. Бул кагазда РИИБнин  мөөрү жана жетекчинин колу турат. Андан тышкары, көптөр анчалык байкабай жаткан бул документтин этегинде 0009 коргоо сандары даана көрсөтүлгөн. Анын менен бирге ошол эле сандардын жанынан  жана оӊ жак капталынан  майда тамгалар жазылган  коргоо элементтеринен  жана документтин жасалма эмес экенинен кабар берген майда жазууларды көрүүгө болот.  Кыскасы, Сулейманов айткандай бул документ эч кандай жасалма эмес. Биздин ушул өӊүттөгү бланкалык кагаздарда этегинде жана оӊ капталында майда ширифтер менен жазылган жазуулар жок. Аны жасалма кылып эч ким да жасай албайт. Бул Казакстандын гана түп нускалуу бланкалык кагазы экенин кабар берип турат. Анан ушул документ кайдан жасалма болуп калат? Негизи Казакстандын ИИМи тарабынан Сулеймановго 011641574 номуру менен паспорт берилгени, Жогорку Кеңештин расмий сайтында жазылгандай, Сулейманов 1963-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулгандыгы, жашаган жери Тараздын Бауржан Момышулы № 8-үй экени көрсөтүлүп турат. Бул Казакстан Республикасынын Кордай РИИБинин расмий каты 2013-жылы келген болсо, Сулейманов кыргыз парламентине 2011-жылы “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип олтурбайбы. Эми ушундай эле чоӊ айырма турат. Бул жагына БШК кантип көз жумуп койгон. “Иттин өлүгү” дал ушул жерде болуп жүрбөсүн.

БШКга да азыр Сулеймановду чындап эле казак жараны деп айтуу пайдалуу эмес, себеби бул маселе тастыкталган учурда БШкнын жетекчилигне да айып тагылып, кылмыш козголушу толук мүмкүн. Себеби, учурунда Сулеймановдун жарандыгын жакшы текшербей, Жогорку Кеӊешке бир эмес, эки ирет депутат кылды деген жүйөө айтылары турган иш. Ал үчүн тиешелүү адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек болот. Ошондой эле ал депутат болуп шайланып келген Сулейманов дипломатиялык паспорт да алганга жетишкен.

Ал эми Сулейманов өзүнүн кош жарандуулугу боюнча маселе калкып чыккандан бери ЖМКларга, коомчулукка чыкпай, башын катып олтургансыйт. Болгону чыгып жаткан документтер жасалма экенин өз оозу менен айта албай фракция лидери аркылуу айттырууда. Ошончолук чын экен, өзү айтып чыгып, Казакстандан чыккан жарандуулугу боюнча тиешелүү документтерди, атап айтканда президент Нурсултан Назарбаевдин колу коюлган жарлыкты көрсөтпөйбү. Аны менен бирге Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы боюнча тиешелүү документтрди, атап айтканда ошол учурдагы кыргыз президентинин жарлыгын көрсөтпөйбү. Мына ошол эки документти көрсөтө алса, сөз башка болоор. Бул өзүнүн кош жарандуулугу боюнча дилилдей турган жөнөкө бир кадам. Демек, Сулейманов ушул жөнөкөй ишти аныктап көрсөтө албаган соӊ, эмнеге жасалма деп сүйлөйт?  Баса ал ортодо тар чөйрөдө Сулеймановдун туугандары казак тарап менен дал ушул кош жарандуулук  маселеси боюнча соодалашып жатыптыр деген сөз кетти. Эми бул жагын убакыт көрсөтөт.

110 миллион сомдук коррупция…

Окурмандар үчүн анын баскан жолун учкан  баяндайлы:   1963-жылы Казакстандын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулган. “Туулган жердин топурагы алтын”- дегендей, анын казак жарандыгын алууга түрткү болгон себептердин бири ушул десек болчудай.

1985-жылы Новосибирь институтунда  “Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча билим алган.  1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридика факультетинде окуган.

2001–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. Мына ушул мекемени башкарып турганда анын артынан коррупцияга байланыштуу көп сөздөр ээрчип, аны эл эмдигиче жоопко тартыла элек  “коррупционер” катары кабылдап келет. Ал Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резевдер комиссиясын башкарып турганда ал кездеги Акаев бийлигинин эӊ ишенимдүү адамы Ташкул Керексизовдун кол баласы болгондугу, анын айткандарын таптак аткарып тургандыгы боюнча маалыматтар ЖМКларга байма-бай чыгып келет. Кийин Акаев бийликтен кетип, Бакиев бийликке келгенде, Сулейманов кызматта иштеп, “тиштеп” жүрүп тапкандарын-алгандарын  аздыр-көптүр кусууга мажбур болгон. Мисалы, аны Максим Бакиев өзүнө чакырып, бир түндүн ичинде 270 миӊ сом кустурганы боюнча маалыматтар гезиттерге жазылган. Андан кийин, Финполиция Сулейманов жетекчилик кылып турган мекемени текшерип, мамлекетке 110 миллион сом зыян болгону боюнча далилдерди таап чыккан. Бул бир эле мисал.

Жогоруда биз 2013-жылдары Сулейманов ал кездеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевден дал ушул кош жарандуулук маселеси боюнча токмок жегенин жаздык. Бахадыр мырза мына ошол токмок жегенден соӊ, Кыргызстандагы Дунган элинин диаспорасына байкуш адам абалында кайрылат. Себеби, түшүнүктүү. Мен да дунганмын, каныбыз бир, жаныбыз бир. Анын үстүнө Жогорку Кеӊеште депутат деген сындуу далай сөздөр айтылган соӊ, Дунган ассоциациясынын жетекчилигине шайланат. Чынында  ага дунган аксакалдары боору ооруп, боорго тартып жетекчи кылышса керек. Андан ары эмне болгон дебейсизби, Сулейманов ал жерген барган соӊ көп өтпөй  кызмат абалынан пайдаланып, диаспорага жетекчи кылгандардын өзүнө жакшы мамиле кылбай, аларга кыял-жоругун көрсөтүп куугунтук кыла баштаган дешет. Ошондон бери Дунган диаспорасынан өкүлдөрү пайдасынан зыяны көп Сулеймановдон кутулууну көздөп, аны ишке ашыра албай келишкен. Акыры быйыл жаз айларында аны ассоциациянын  жетекчилигинен алып түшүшкөн. Ал тургай анын былык иштерин да ачыкташкан. Ал боюнча бир кылмыштуу иш тууралуу  укук коргоо органдарына жазылган арыз биздин колдо турат.

Сулейманов дунган ассоциациясында жетекчи болуп турганда, тагыраагы 2014-жылы “Новости Китая” деп аталган  маалымат агенттиги менен дунгандардын  “Хуйемин бо” деп аталган гезиттин жалпысынан 52 чыгарылышын басып чыгаруу боюнча  46 миӊ доллар каржылык колдоо боюнча келишим түзөт. Сулейманов бул гезитке башкы редактор кылып З. Сухуза аттуу аялды дайындаган. Бул гезиттин ар бири саны басмаканадан 4 сомдон басылып, 12  сомдон сатылып турган. Жалпысынан 7000 нуска менен чыгып, дунган элине дээрлик баары жазылуу аркылуу сатылган бул гезиттин нускасын салыкка 3400 деп көрсөтүп койгон. Бирок көп өтпөй Сулейманов З. Сухузаны ар кандай шылтоолор менен куугунтуктап, эмгек акыларын да толук бербей анын ордуна өзү башкы редактор болуп алган. Ошондо ал бир эле учурда Жогорку Кеӊеште депутат, Дунган ассоциациясынын жетекчиси жана гезиттин редактору болуп турган. Бир сөз менен айтканда Сулейманов 46 миӊ доллардын баарын гезиттин чыгышына сарптабай, өзү каалагандай чалмакейди чалган үчүн, бул гезиттин мурунку редактору УКМКнын АКСине, Башкы прокуратурга, Бишкек шаардык милициясына,  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына  текшерүү, териштирип берүү боюнча болгон ишти баяндап  2015-жылы эле арыз жазган. Мындан тышкары, 2014-жылы Кыргызстан Дунган Ассоциациясы “Вы вносите шарм в мир” деп аталган  алтын стауетка жана 20 миӊ доллар сыйлык алган экен. Мына ошол акчаны да Сулейманов өз кызыкчылыгына пайдаланганы З. Сахузанын укук коргоо органдарына жазган арызында баяндалган.Ошондо дунган гезитине Кытайдан келген 46миӊ доллар менен  сыйлык үчүн берилген 20 миӊ доллар максатсыз пайдаланып кеткен экен. Бирок укук коргоо органдары депутат Сулеймановго тиштери өткөн эмеспи, айтор бул боюнча эч кандай жыйынтык чыгарышкан эмес. Кылмыш да козгошкон эмес. Же жеӊ ичинен ар кандай сүйлөшүүлөр болду беле?  Бул боюнча Сулейманов эмне үчүн жооп бербеши керек. Кыскасы, кыргызга күйбөгөн мындай депутаттарды кылдаттык менен текшерүү зарыл. Жарандык маселесин аныктап чыгуу керек.

Айбек  ШАМШЫКЕЕВ

Булак: “Багыт”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: