Menu

Сооронбай Жээнбеков: Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Кыргызстан аялдарын  8-март –  Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу айымдар!

Сиздерди жаз майрамы 8-март  – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Сиздер өз  мээримиңиздер менен жашоону  көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Сиздердин энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр  жашоонун улуу көчүн улап келет. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал  ыйык салт биздин коомдо  дайыма аздектелип сакталат.

Сиздер бүгүн өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатасыздар.

Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу. Коомубуздун  ынтымагына жана биримдигине  сиздердин кошкон салымыңыздар  баа жеткис.

Сиздердин кажыбас кайратыңыздар, турмуштук активдүү позицияңыздар бизди  ар  дайым  бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат.

Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди  майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш,  бакыт-таалай каалайм!

Майрамыңыздар менен!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: