Бул тууралуу 4-декабрда Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Адам укугунун жалпы декларациясынын кабыл алынганына 71 жыл болгонуна байланыштуу КР акыйкатчысы Токон Мамытов жар салган адам укугу боюнча бир айлыктын алкагында Акыйкатчы аппаратынын тишелүү бөлүмүнүн кызматкерлери көз карандысыз эксперттер менен биргеликте өмүрүнүн аягына чейин камалган тараптардын камактагы шарттары менен таанышып келет.
Мындай мониторинг №1,16,19-түрмөдө, Бишкектеги СИЗО-1де, Оштогу СИЗО-25те, Нарындагы СИЗО-24тө өтүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ