Menu

Видео – Иса Өмүркулов: “Эркин Чодуев айыл чарба министри болуп келгенден бери айыл чарбасында эч өзгөрүү жок”

Бөлүшүү:

Ушу тапта Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканасы, 3 миңден ашуун фермерлер бар. Ошондон улам, айыл чараба өнүмдөрүнүн 97 пайызы жеке чарабаларга таандык. Бул тууралуу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Ал эми депутат Иса Өмүркулов Айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуев жетекчи болуп келгени мекеменин ишинде эч кандай өзгөрүү болбой жатканын баса белгиледи.

«Министр баланча гектар жерден баланча картошка алынды дейт. Бул министрдин жасай турган жумушу эмес да. Министрлик биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүшү керек. Эгерде коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабыла турган болсо, азык-түлүк тартыштыгы башталат, анан силердин кандай иштегениңерди көрөбүз», – деди ал.

Депутаттын пикиринде, Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык рынокко байкоо жүргүзүп, импортту кыскартуу менен, айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортко чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.

“Мына ошондо жалпы журтка, анын ичинде ата мекендик өндүрүүчүлөргө чындап кам көргөн болобуз. Деги, силердин талдоо борборуңар эмне жумуш кылат?”, – деп кошумчалады Иса Өмүркулов.

«Ырас, айыл чарба тармагында көйгөйлөр көп. Менин министр болуп иштегениме 9 ай эле болду, буюрса жакшы натыйжалар болот», – деген жообун берди министр.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: