Menu

Көмүр кенин рейдерлик менен басып алды деп шектелген Улукбек Өмүрзаковдун адвокаты Генпрокуратурага арызданды

Бөлүшүү:

Көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алган деген шек менен кармалган Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаковдун адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу маалыматты ал бүгүн, 16-ноябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын тергөөчүлөрү Улукбек Өмүрзаковду кармап жатканда “Прокуратура жөнүндө” мыйзамдын беренелерин жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларын бузушкан.

Ал прокуратуранын кызматкери кылмыш болгон жерде гана кармаларын, бирок Өмүрзаков жумуш учурунда, иш бөлмөсүндө УКМКнын атайын багыттагы аскерлери тарабынан кармалганын белгилейт. Ал эми буйрукту Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү тарабынан чыгарылган.

“Анын үстүнө, ага 12-ноябрда саат 11:30да кол коюлган, ал эми кармоо 9:20да болгон. Мындан тышкары, Өмүрзаковдон банктык карталар жана накталай акча алынган. Бирок камакка алуу протоколу берилген эмес. Түн ичинде ага шектүү деген билдирүү берилип, сурак башталды. Бул дагы одоно мыйзам бузуу болуп саналат. Таңкы саат бешке чейин мен анын жанында болдум.

Дагы бир нерсе, анын иш бөлмөсүндө тинтүү учурунда акча, курал-жарак же баңгизат табылган жок. Эч нерсе. Анан ал эмненин негизинде кармалган? Эмне үчүн аны суракка буга чейин чакырышкан эмес? Бул мыйзам бузуулардын бардыгын мен Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын тергөөчүлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылышы үчүн билдирүүдө чагылдырдым” – деди адвокат.

Ошондой эле ал Өмүрзаковду камакка алуу боюнча ордер берген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Туратбек Бекеновго карата Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына кайрылгандыгын кошумчалады.

Судья анын жүйөөлөрүн эске албаганын, камакка алуу негиздүү жана мыйзамдуу жүргүзүлдү деп эсептегенин билдирди.

Белгилей кетсек, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, прокурор Улукбек Өмүрзаков бирөөнүн кенин басып алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: