Menu

АӨБ Борбор Азияда энергетикалык шакекчени калыбына келтирүүнү сунуштоодо

Бөлүшүү:

Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнө союз маалында түзүлгөн бирдиктүү энергетикалык системаны калыбына келтирүүнү сунуштоодо.

Бул маселе 2014-жылдан бери Өзбекстанды кошпой энергетикалык шакекчени калыбына келтирүүгө ниеттенген Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан менен талкууланып келе жатат. Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы кеңсесинин өкүлү Татьяна Евстифеева Борбор Азиядагы экономикалык абалга байланыштуу учурда бул маселе кайра актуалдуу болуп жатканын айтты.

Ташкент 2009-жылы бир тараптуу түрдө бирдиктүү энергетикалык системадан чыгып кеткен. Бирок Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда азыркы тапта электр энергиясы тартыш. Буга байланыштуу банк аймактагы өлкөлөрдү бул маселени биригүү менен чечүүнү сунуштоодо.

Бул арада 2016-жылы Тажикстан менен Кыргызстан ири масштабдуу CASA-1000 долбоорун баштаган. Жогорку чыңалуудагы электр энергиясынын узундугу 1,3 миң чакырым болот. Ал жүзөгө ашса, эки өлкө жайкысын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: