Menu

Өлкөнүн бардык аймактарында «Ишкерлерди тейлөө борборлорун» түзүү пландалды

Бөлүшүү:

Бизнести жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү региондордо «Ишкерлерди тейлөө борборлорун» түзүүнү пландады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ишкерлерди тейлөө борборлорунун» кызматтарын Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.

Бул демилгенин башкы максаттарынын бири – ишкерлерди колдоо жана алардын дараметин бекемдөө болуп саналат.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатат. Алсак, аймактык долбоорлорго жана субъекттерге инвестициялардын агымын тартуу максатында жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралган. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.

Мындан тышкары ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери (подакциздик товарлардын тобунан тышкары) КНСти 80% азайтуу менен төлөшөт.

Ошондой эле ата мекендик продукцияларды экспорттоого тийиштүү шарттарды түзүү максатында региондордо ветеринардык лабораториялар түзүлүп иштеп жатат. Лабораториялык жабдууларды, диагностикумдарды жана биодарыларды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 150 млн сом бөлүп берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: