Menu

«Австриянын жашыл жүрѳгү» аталган Штирия аймагына Орто Азиянын Элчилеринин биргелешкен иш-сапары болду

Бөлүшүү:

7-8-ноябрда Элчиликтин Австриянын аймактарында экономикалык дипломатияны ѳнүктүрүү Планынын алкагында, «Австриянын жашыл жүрѳгү» аталган Штирия аймагына Орто Азиянын Элчилеринин биргелешкен иш-сапары болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-сапардын жүрүшүндѳ Штириянын экономика, туризм, европалык жана эл аралык мамилелер, изилдѳѳ жана илим министри Барбара Айбиннгер-Мидл менен, Грац шаардык кеңешчиси Курт Хоэнсиннер менен, Штириянын Соода палатасынын директору Карл Хайнц Дерношег менен, Австрия технологиялык корпорациясынын директору Тино Терранео менен жолугушуулар ѳткѳрүлдү.

Орто Азия ѳлкѳлѳрүнүн Элчилери Грац шаарына барган биринчи күнү Австриянын жетектѳѳчү ИТ-компаниялары болгон «Bit-media E-solutions GmbH», «EEE Group» ишканаларынын штаб-квартирасына барышты. Ишканалардын жетектѳѳчү директорлору Манфред Бранднер жана Стефан Бюсс тарабынан ишкананын Орто Азия ѳлкѳлѳрүндѳ жасаган иштери тууралуу презентация кѳрсѳтүлдү.

«EEE Group» -ѳзүнѳ 7 ишкананы камтыган, 40 жылдык тарыхы бар, 20 жылдык эл аралык тажрыйбасы бар, 20 ѳлкѳдѳ долбоорлорду жүзѳгѳ ашырган ишкана. Ишкана ѳндүргѳн продуктылар менен австриянын мамлекеттик органдары жана институттары, финансылык уюмдар (Юникредит, Райффайзен), ошондой эле эл аралык «Даймлер», «Сименс», «Рейнметалл» жана башка ѳндүрүш гиганттары колдонушат.

         Сапардын экинчи күнү Элчилер Andritz Group ишканасынын жетекчилери менен жолугушуп, Грац жана Вайц шаарларындагы ири ѳндүрүшү кубаттуу ишканаларды кыдырышты.

Andritz Group –энергетика сферасында, целлюлоза-кагаз ѳндѳрүүдѳ, металлды кайра иштетүү жана металлургия тармагында дүйнѳлүк бирден-бир лидер болуп эсептелет. Группанын 170 жылдык тарыхы бар, 40тан ашуун ѳлкѳлѳрдѳгү 280 филиалында 29700 кызматкер эмгектенип, штаб-квратирасы Грац шаарында жайгашкан. Бул ишкананын Кыргызстанда кичи-ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы бар.

         Жолугушуунун жүрүшүндѳ КРнын Элчиси Б.Джусупов Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана инвестициалык климаты тууралуу маалымдады. Кыргызстанда чет ѳлкѳлүк инвесторлор үчүн либералдуу режим бар экендигин баса белгиледи. Андан сырткары, Орто Азия ѳлкѳлѳрүнүн экономикалык алакасынын ѳнүгүшү, Кыргызстандын КНР менен коңшулугу, ошондой эле ЕАЭСтин мүчѳсү болгондугуна байланыштуу ѳлкѳдѳ чет ѳлкѳлүк ѳндүрүүчүлѳр менен биргелешкен ишкана ачуунун перспективдүү мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ айтылды. Австриялык ѳнѳктѳштѳргѳ Кыргызстандын соода-экономика багытындагы жана туристтик мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу маалыматтарды камтыган журналдар, буклеттер жана СД-дисктер берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: