Эске салсак 10-октябрда Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков «Аида Салянова 5 жылга эркинен ажыратылсын, өкүм анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирсин» деген чечим чыгарган.
Буга байланыштуу Аида Салянованын жактоочулары соттун өкүмү менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаар-сотко арыз менен кайрылышарын айтышкан. Кечээ жаш активисттер соттун Аида Саляновага карата чыгарган өкүмүнө каршылыгын билдиришип, маалымат жыйын курушту. Алар соттун чечими мыйзамсыз экендигин айтышып, бүгункү болуп жаткан сот отурумдары мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканына нааразы.
Мындан сырткары, «соттук териштирүүдө Салянова тарабынан эч кандай мыйзам бузуу фактылар табылбаса дагы, сот аны камакка алуу чечимин чыгарды» дешет активисттер.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ