Menu

Асанбек Тойгонбаев Токмоктун “гумандуу” сотубу?

Бөлүшүү:

Ушул жуманын башында Токмокто жагымсыз бир окуя болду. Айтсак, Токмок шаардык соту уурулукка шектелген адамды 5 жылга соттоп, 70 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди. Туура кылмыш кылгандар, уурулар жазаланыш керек. Бирок, «бирок» деп баса белгилей турган нерсе бар экен. Ал кылмышка барган адамдын баласы ооруп, каражаты жоктугунан дарыканага келип шартын айтып, күрөөгө курткасын калтыруу негизи менен карызга дары сураптыр. Сатуучу бербей койгондон кийин, эшикке чыгып кетип бир аз убакыттан кийин кайра кирип сатуучуга ээ бербей кассадагы 25 миң сомду алып кеткен. Көп өтпөй кылган кылмышын моюнуна алып, милицияга өзү барган. А түгүл алган акчасын да кайтарып берип, кылган күнөөсү үчүн кечирим сураган. Бирок, иш сотко чейин өтүп 14-май күнү Токмок шаардык сотунун судьясы Асанбек Тойгонбаев 70 миң сом айыпка жыгып кошумча 5 жылга кесиптир. Калыстык деген кайда? Миллиондорду уурдагандарды үй түрмө менен чектеп, кысталган турмуштун айынан тобокелчиликке барган, анан калса милицияга өзү келген карапайым адамды соттогон сотко нааразычылык күчөдү. Эми аппелециялык арызды караган соттор ойлонушу керек. Болбосо, баласына дары алам деген бир куурагырдын тагдырын талкалаганы турат. Буга кайдыгер карабайлы замандаштар…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: