Menu

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды

Бөлүшүү:

Жекшемби, 15-декабрь күнү саат 16:00 чамасында Бишкек шаарында эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.

Кармалган жаран Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүгү (алдамчылык, башкача айтканда, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо, же алдамчылык жол менен ишеничке кирип башка бирөөнүн буюмуна ээлик кылуу) менен айыпталып жатат.

Маалымдама: Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаевдин расмий сапарында “Экономикалык тармакта кылмыш иштеринде кызматташуу жөнүндө” макулдашууга кол коюлган.

Макулдашуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров жана Казакстандын Финансы министринин биринчи орун басары Алихан Смаилов тарабынан коюлган.

Аталган макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: