Бүгүн, 6-октябрда 200гө жакын адам Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанына чогулушту.
Маалыматтар боюнча, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев отставкага кетти. Мураталиев кызмат ордун тынчтык жолу менен бошоткону белгилүү болду.
Учурда имаратка чогулгандар элдик кошуунун түзүп, тынчтык акциясын башташууда. Алар акимдердин, айыл өкмөт башчыларынын кызматтан кетишин талап кылышууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ