18-19-май күндөрү футбол боюнча Кыргыз Премьер-Лигасынын биринчи айлампасынын жыйынтыктоочу беттешүүлөрү Кант, Кара-Балта, Кочкор-Ата жана Бишкек шаарларында болмокчу.
Бишкек шаарында Кыргызстандын 10 жолку чемпиону «Дордой» футбол клубу негизги атаандаштарынын бири Ош шаарынын «Алай» командасы менен күч сынашат. Беттешүү 19-майда кечки саат 17:30да башталат. Оюнга башкы калыс Тимур Файзуллин баштаган калыстар калыстык кылмакчы. Кыргыз Премьер-Лигасынын турнирдик оюндарында учурда Бишкек шаарынын «Дордой» футбол клубу 16 упай менен көч башында турат. Оштун «Алай» командасы 13 упай менен экинчи орунда турганы менен алардын дагы бир беттешүү өткөрө элек мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз Премьер-Лигасынын 7 турунун жадыбалы
18- май
15:30 «Илбирс» – «Алга»
Кант шаары, «Борбордук» стадиону
Башкы калыс — Киемидин Пириев (Бишкек)
17:30 «Нефтчи» – «Абдыш-Ата»
Кочкор-Ата шаары, «Нефтчи» стадиону
Башкы калыс— Денис Шалаев (Бишкек)
19- май
15:30 «Кара-Балта» – «Академия-Лидер»
Кара-Балта шаары, «Манас» стадиону
Башкы калыс — Эрлан Осмонов (Көк-Жаңгак)
17:30 «Дордой» – «Алай»
Бишкек, «Дордой» стадиону
Башкы калыс — Тимур Файзуллин (Бишкек)
Оюндарга келип, күйөрмандар командаларды сүрөөнгө алалы.
Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ