Menu

Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынованын 75 жылдык юбилейи Таласта өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Керемет үндүү опера ырчысы, симфониялык оркестрдин да солисти болуп узак жылдар иштеген, Кыргызстанга эле эмес, мурунку Союздук республикалардын калкына жана жалпы дүйнө элине таанымал болгон Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова   жердештеринин чакыруусу менен өзүнүн 75 жылдык юбилейине байланыштуу 21- октябрда Талас жергесине келип, кичи мекенинин эли менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди.

Талас шаарындагы А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин чоң концерттик залында болгон чыгармачылык жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынованын чыгармачылык өмүр жолу жөнүндө кыскача баяндама жасап, жалпы элге аттын кашкасындай таанымал ырчыны 75 жылдык юбилейи менен куттуктап, ага Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн атынан гүлдесте жана баалуу белектерди тапшырды. Д. Жалгасынова менен бирге Талас жергесине Кыргыз эл артисти Кайыргүл Сартпаева, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова келишип, юбилярга арнаган ырларын окуп беришти. Чыгрмачылык жолугушуунун жүрүшүндө Талас шаардык симфониялык оркестрдин коштоосунда жакшынакай ырлар жаңырып, салтанаттын көркүнө көрк кошту.

Ушул эле күнү Д. Жалгасынова Талас мемлекеттик университетинин 20 жылдык, Чыгыштын улуу даанышман акыны Жусуп Баласагындын 1000 жылдык, Талас облустук китепкананын 70 жылдык юбилейлерине арналган иш-чаралардын жүрүшү менен куттуктап, өзүнүн китептерин аталган мекемелерге эстеликке тапшырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: