Жогорку Кеңеште 2007-жылдан бери «үзгүлтүксүз» иштеп келе жаткан Бакыт Төрөбаев өкмөткө сын айтып баягүнү жыйында аябай күпүлдөдү. Мейли сын айтсын, анысына каршылыгыбыз жок. Жыйында күпүлдөп сүйлөгөн сөзүнүн арасында биз түшүнбөй калган бир-эки сүйлөм болду. Ошону гезит аркылуу собол салып тактап алсакпы дегенбиз. Ал сөздөргө токтолсок, Бакыт Эргешович: «Биз шайлоодо утулдук, утулганыбызды моюнга алдык, силерге баарын өткөрүп бердик…»- деп айтты. «Биз» дегениңиз ким Бакыт мырза? Курманбек Бакиевби же Өмүрбек Бабановбу? Деги эле экөө менен азыр мамилеңиз кандай? Анан дагы эмнени, кимге өткөрүп бердиңиз эле? Жеке менчик ишканаңызды өткөрүп бердиңиз беле? Анан сиздин ишкананы бирөөлөр иштете албай атабы, биз түшүнгөн боюнча? Мамлекетти башкарууну айтып аткан болсоңуз, минтип айтканыңыз туура болбой калат го. Дегенибиз мамлекеттик башкаруу шайлоо жолу менен аныкталып, уткан тараптын башкаруусуна өтөт да сиз өткөрүп бербесеңиз деле. Баса, бир учурда Мелис Мырзакматов менен болгон «сүйүүңүздү» ачыкка чыгарып жүрдүңүз эле. Ал мамилеңиз эмне болду? Азыр да сагынышкан арзууларды божурашып телефондон сүйлөшүп турасызбы? …же талак берип салдыңыз беле? Чын айтыңызчы саясатта «сүйүү» болушу мүмкүнбү? Сизге берчү суроолорубуз арбын болуп кетти, мүмкүнчүлүк таап биз менен бир ачык маектешпейсизби?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ