Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы айдоочулук курамынын жана транспорт каражаттарын каттоо департаментинин жетекчиси Жоошбек Коёналиев кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Аталган буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер –министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Жоошбек Коёналиев бул кызматта 2014-жылдан бери иштеп келген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ