Кыргызстанда бүгүндөн баштап коронавирус менен пневмония илдеттерининин статистикасы бөлүнбөй бириктирилип бериле баштады. Эми COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдеттери менен бир сутка ичинде 1 654 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эми бейтаптардын жалпы саны 23783кө жетти.
Мындан тышкары, акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония оорусунан 83 бейтап каза болду.
Бишкек – 33;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 2;
Нарынская облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 1.
Жаңы статистикалык маалыматтарга ылайык, коронавирус илдетинен 785 адам каза тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ