Menu

Арам акчаны адалдаган “Росинбанк”

Бөлүшүү:

Кыргызстан бир гана демократиялуу, сөз эркиндиги орун алган мамлекет болбостон, экономикалык жактан да чет элдиктерге ачык. Демек, акчаң барбы, келип, каалаган бизнесинди жасап, банк иштетсен да болот. Бирок алардын айрымдары шектүү иштерди жасап жүргөндүгүн да жокко чыгарууга болбойт. Жакында Финансы полициясы “Росинбанктын” айрым кызматкерлерине “ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз акчаны адалдаган”,- деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Көрсө, 2014-жылдан баштап “Росинбанкта” Орусиядагы фирмалар менен жеке жактарга жана Сейшел аралдарындагы чет өлкөлук компанияларга жасалма документтердин негизинде эсептер ачылып келиптир. Бул эсептерге “Росинбанктан” үч миллиарддан ашык рубль, башкача айтканда, үч миллиарддан ашык сом которулган. Аталган россиялык банктын мындай ири өлчөмдөгү коррупциялык иши “негизсиз кыскартылган” деп кайра жандандырылган 400дөн ашуун кылмыш ишинин катарында кайра козголгон иштердин катарында ашкереленип отурат. Бул тууралуу Коопсуздук кенешинин катчысы Д.Сагынбаев ишти негизсиз кыскарткан тергөөчүлөргө чара көрүлөрүн билдирди. Ал эми А.Гройхман деген банктын төрагасынын мурдагы шылуун орун басары камакка алынды. “Эрдик кылсан сүрө кыл” демекчи, биздин текшерүүчү органдар өлкөбүздөгү мындай шылуундарды эми жеген акчасын кустурса экен.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: